Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара ар улуттагы жаштардын башын бириктирүү максатын көздөйт. Салтанаттын ардактуу мейманы болгон манасчы Алимбай Матов эпос ар улуттун өкүлдөрүн бириктирип, ынтымакты даңазалаган улуу баян экенин белгилеп өттү.
Иш-чара "Мекеним менин Кыргызстан" долбоорунун алкагында Тарых жана маданият жылына арналды.
Эскерте кетсек, Манас күнү жыл сайын 4-декабрда өкмөттүн токтомунун негизинде белгиленип келет.