БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кытайда көмүр шахтасында жарылуу болуп 17 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып маалымдайт.
Маалыматка ылайык, кырсык Кытайдын түндүк тарабында Ички Монголия автономдуу районунда болгон.
Көз жумгандардан сырткары дагы бир топ адам шахтанын ичинде калып калганы айтылууда.