БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 2-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
"Бишкек шаарында 15 градус жылуу болсо, Ошто күнтүн табы 14 градуска чейин көтөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
3-4-декабрь күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан сокон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.