БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Москванын жаңы ачылган "Жуковский" аба майданынан мындан ары Бишкекке жумасына эки ирет, дүйшөмбү жана жума күндөрү каттамдар аткарылат. Кечээ аталган аэропорттон "Манаска" "Уральские авиалинии" авиакомпаниясынын Airbus 320 учагы конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.
"Жуковскийден" Москва — Бишкек авиа каттамдары дүйшөмбү жана жумада, ал эми артка кетчү каттамдар шейшемби жана шаршембиден тышкары бардык күндөрү учат", —деп айтылат билдирүүдө.
Бишкекке учуп келген учактын бортунда 100 жүргүнчү болсо, экинчи тарапка 213 адам учуп кетти.
14-ноябрда "Жуковский" аэропортунан аткарылчу Москва — Ош каттамынын салтанаттуу ачылышы болгон. Жаңы аэропорттон Кыргызстандын түштүк борборуна каттамдар дүйшөмбү, шаршемби күндөрү каттап, артка шейшемби, бейшемби күндөрү кетет.