Бишкек шаардык кеңешке ат салышкан партиялардын дебатын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу түз эфирде алып көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтөт. Бишкек шаардык Кеңештеги 45 мандатка 14 партия ат салышууда.
Дебаттын ыраттамасы.
28-ноябрь, 22.10: Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы, "Демократ", "Таза Кыргызстан".
29-ноябрь, 22.10: "Актив", "Мекеним Кыргызстан", "Улуу Кыргызстан".
30-ноябрь, 22.10: КСДП, "Кыргызстан", "Аалам".
1-декабрь, 22.10: "Өнүгүү — Прогресс", Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, "Республика — Ата-Журт".
2-декабрь, 22.10: Кыргызстандын жашылдар партиясы, "Жаңы Доор".