БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ош шаарында мыйзамсыз мейманканаларды ачып, ал жакта интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган деген шек менен жаран кармалганын Ош ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, сойкукана уюштуруу үчүн Насирдин Исанов көчөсүндөгү бир батир иштетилип келген. Өзүн Азиз деп тааныштырган жаран администратор экенин айтып, кыздарды башкаларга соодалап турган.
Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында шектүү катары 28 жаштагы киши менен батирден бир нече кыздар кармалганын Ош шаардык ИИБден кошумчалашты.
Тергөө амалдары жүрүүдө.