БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушундагы кыргыз-тажик чек арасында эскертүү иретинде абага ок атылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 8:25де Тажикстандын чек арачылары кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакка кирип келип, абага себепсиз үч жолу эскертүү иретинде ок атышкан.
"Тажик чек арачыларынын бул аракетине жооп катары кыргыз тараптан да асманга эскертүү иретинде ок атылган. Окуянын айынан эч бир тарап жабыркаган эмес. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары дароо жолугушуп, кыргыз тарап мындай аракеттерге жол берилбеши керектигин айткан", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган окуяны иликтөө чечимин кабыл алышты.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.