БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Эртең өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу ӨКМ Кыргызгидрометке шилтеме берип маалымдады.
Билдирмеге караганда, Бишкек жана Ош шаарларында 6-8 градус суук болушу күтүлөт.
Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында аба ырайы өзгөрүлүп турат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275, Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65-90, Нарын — Казарман жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 жана Каракол — Эңилчек жолунун 45-92-чакырымдарындагы жолдорго кар көчкү түшөт.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталуусу зарыл экенин эскертет.