БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ирандагы авариядан улам мамлекет башчысы Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, жума күнү Ирандын Имамшехр шаарында жайгашкан темир жол станциясында эки поезд кагышып, кырсыктан 45 адам каза болгондугу кабарланган.
Телеграммада президент Алмазбек Атамбаев кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгы айтылып, кыргыз элинин жана өзүнүн атынан каза болгондордун жакындарына, Хасан Роуханиге көңүл айтканы жазылат.