Ак-Талаада үч күн ичинде 60 эшектин терисин сыйрып кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг против распространения мяса ослов
Митинг против распространения мяса ослов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кылмыш боюнча шектелгендер терилерди 6500 сомдон сатышканы айтылууда.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ак-Талаада үч күн ичинде 60 эшектин териси сыйрып кетишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ак-Талаа РИИБ кылмыш иликтөө тобунун ыкчам өкүлү Алмамбет Керимов билдирди.

Анын айтымында, 27-29-октябрь күндөрү Ак-Талаа районунун бир канча айылдарында эшектердин терисин массалык түрдө сыйрып кеткен учурлар катталган.

"Кош-Төбө, Чолок-Кайың, Жерге-Тал, Кара-Бүргөн, Баетов, Үгүт, Байгөнчөк, Куртка, Тоголок Молдо айылдарында белгисиз бүрөөлөр эшектердин терилерин сыйрып, эттерин таштап кеткен. Жалпы саны 60 эшек болду. Алар эшектерди 10-15тен чогултуп, айдап барып, терилерин сыйырган", — деди Керимов.

Ал аталган факты боюнча үч турган кармалгандыгын айтып, алар терилерди 6500 сомдон Бишкекке ташырганын кошумчалады.

Ал эми аталган райондун акиминин орун басары Абдымалик Сулайманов райондо эшектердин терин топ-топ кылып сыйруу биринчи ирет кездешип жатканын кошумчалады.

"Буга чейин райондо мындай көрүнүш болгон эмес. Милиция кызматкерлери ыкчам түрдө иштеп, шектүүлөрдү колго түшүрдү. Алар кармалгандан кийин, мындай факты окуя кайталана элек", — деди Сулайманов.

Эшек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эшектин сүтү пайдалуу деп италиялыктар саап жатышат
Ал эми Кара-Бүргөн айылынын атын атагысы келбеген тургуну мындан бир нече ай мурда эки эшегин жоготконун айтты.

"Азыр айылдарда эшек калбай эле баратат. Биз жазында эки эшегибизди карап туруп эле алдырып жибердик. Ким эмне үчүн уурдап кеткенин билбейм", — деди ал.

Азыр Нарын аймагында бир койдун баасы 5000-7000 сомго чейин тургандыгын эске алсак, эшектин бир териси, болжол менен айтканда, бир койдун наркына барабар болууда. 

Белгилей кетсек, аталган окуя биринчи ирет катталып жаткан жок. Буга чейин Кочкор, Аксы райондорунда, Арашан айылында эшектин терисин сыйрыган учурлар кездешкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0