Аба ырайы: Бишкекте эртең 12 градус суук болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эртең кар жаабай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.

Обильные осадки в Кара-Кульжинском районе Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кулжада кар кесепетинен жабылган мектеп, бала бакчалар иштей баштады
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Бишкекте түнкүсүн 12, күндүз 2 градус суук болот. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 6, күндүз 2 градус суук болушу мүмкүн. 

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275- чакырымдарында жана Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65-90 чакырымдарындагы, Нарын — Казарман жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары жана Каракол — Эңилчек жолунун 45-92 чакырымдарындагы жолдорго кар көчкү түшөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин Кыргызгидромет эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0