БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын көчөлөрүндө кар күрөп жүргөн "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине Балдар хосписинин ыктыярчылары эртең менен таңкы алтыда ысык чай жана кофе алып келип беришти. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай демилгени Балдар хосписинин негиздөөчүсү Дина Аляева көтөрүп чыккан.
"Эртең менен эрте ишке кетип бара жатканда жолдо суукка карабай кар күрөп жаткан кишилерди көрүп ичиң жылыйт. Алардын эмгегин шаардыктар байкабайт деле. Андыктан бүгүн биз аларды колдоп, ысык чай жана кофе алып барып берүүнү чечтик", — деди Аляева.
Мэриянын атайын кызматтарынан бул күндөрү шаардын көчөлөрүндөгү карды күрөп, музду чагып туруу үчүн 500 кызматкер чыкса, андан сырткары жолду техника менен тазалап, туз себүүгө 40 киши тартылган.