Эрмек Кадыров: "Тумар" бий тобунун номерлерин бийчилер менен чогуу тандайбыз
Топтун жетекчиси Эрмек Кадыров балдардын "Үмүт — Надежда" реабилитациялык борборунда 2009-жылдан бери иштеп, балдарга бий үйрөтүп келерин билдирип, бийлер кандай тандаларын айтып берди.
"Номерди команда менен чогуу тандайбыз. Себеби балдар көптөн бери бийлеп, кайсы кыймылдарды жасай алар-албасын албай жакшы билишет. 11 жылдан бери бийлеп келген Тимур деген досум төрт жылдан бери биз менен чогуу бийлейт", — деди ал.
Белгилей кетсек, аталган топ буга чейин Кытай, Казакстан, Германия, Түркия, Чехия, Гонконгдо Кыргызстандын желегин желбиреткен. 2016-жылдын жай айында "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык конкурсунун финалына дароо өткөн болчу. Эми 29-ноябрда сынактын финалында өз өнөрлөрүн тартуулайт.