БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. "Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду өзүн геймин деп атаганын Р-Спорт агенттиги испаниялык Cope.es. басылмасына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Роналду бул пикирин "Атлетико Мадрид" клубунун оюнчусу Коке менен урушуп кеткенде айткан. Анткени Коке португалиялык оюнчу Роналдуну гомосексуалист деп айткан.
Эске сала кетсек, "Атлетико" менен "Реал" клубдары беттешип, оюн 3:0 эсебинде "Реалдын" пайдасына чечилген. Беттештин жүрүшүндө Коке менен Роналду урушуп кеткен.
Оюн бүткөндөн кийин Роналду Коке аны гомосексуалист атаганын, ал эми өзү болсо "ооба, мен акчасы көп геймин" деп жооп бергенин айтып берген.