БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Эрежесиз эр уруш боюнча "Айкөл FC 3" үчүнчү профессионалдык турнири жекшемби күнү, 20-ноябрда Москва шаарында өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган лиганын президенти Кубанычбек Осмонбеков билдирди.
Башкы оюнда 66 килограммдык салмак категориясында Эламан Додонов ("Айкөл-Манас" ЖК, Кыргызстан) жана Хуршед Домулложонов ("Ихлас" ЖК, Өзбекстан) салгылашат.
"93+" категориясында Жыргалбек Чомонов ("Ак-Барс", Кыргызстан) жана Евгений Грунтковский (IL MMA TEAM, Россия) беттешет.
Ал эми экинчи беттеште турнирдин жеңүүчүлөрү бет келип, кийинки жылы өткөрүлө турган "Айкөл FC"профессионалдык лигасына жолдомо алышат.
"Айкөл Fighting Championship" профессионалдык лигасы — 2016-жылы Кыргызстандын алгачкы расмий жоокер клубу менен Москвадагы "Айкөл" клубунун алдында түзүлгөн.