БИШКЕК, 13 ноя — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинин имаратынын жанында Индиядан келип окуп жаткан 200гө чукул студент митингге чыкканын шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча индиялык студенттердин бири инфаркт оорусунан каза болгон. Анын мекендештери Индиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылып, бирок жардам бере албайбыз деген жооп алышкан.
Милиция башкармалыгы акция тынч мүнөздө өтүп, эч кандай тартип бузуулар болбогонун белгиледи.
Учурда митинг аяктады