Тоңдо оодарылып кеткен унаанын ичиндеги 25 жаштагы жүргүнчү каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке перевернулся "бусик", есть пострадавшие
В Бишкеке перевернулся бусик, есть пострадавшие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон адамдын денесин достору чыгарып, Балыкчы шаарындагы моргго жеткиришкен.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Көлдүн Тоң районунда Mercedes унаасы оодарылып, 25 жаштагы жүргүнчүсү мерт кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 10-ноябрь күнү Балыкчы — Каракол унаа жолунун 27-чакырымындагы Оттук айылынын тушунда болгон. Унаанын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес.

Каза болгон адамдын денесин достору чыгарып, Балыкчы шаарындагы моргго жеткиришкен. Куткаруу иштерине төрт адис тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0