Чүйдө мурунку аялын сабады деген шек менен жаран кармалды

Жазылуу
Ысык-Ата РИИБге 4-ноябрда жабыркаган аял арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ысык-Ата районунда мурунку аялын сабады деген шек менен жаран кармалганын Чүй ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБге 4-ноябрда жабыркаган аял арыз менен кайрылган.

"4-ноябрда түшкү саат бир жарымдар чамасында аялдын мурдагы күйөөсү эч кандай себеби жок эле аны катуу сабап салганын аял айтууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 32 жаштагы киши кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0