БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Борбор калаада жаштар уюмдарынын жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Аталган иш-чара жаштар жумалыгынын алкагында уюштурулуп, 14-ноябрь күнү Бишкек Гуманитардык Университетинде өтөт.
"Иш-чаранын башкы максаты — өлкө боюнча жаштар уюмдарынын башын бириктирип, ынтымагын арттыруу. Алар өзүлөрүнүн мыкты долбоорлорун конокторго тартуулоого мыкты мүмкүнчүлүк алат", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чарага 60дан ашуун уюм катышып, ар кыл жаатта мастер-класстар өткөрүлөт.