БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. ММА боюнча оор салмактагы белгилүү россиялык мушкер Сергей Харитонов Bellator беттештеринин алкагындагы алгачкы оюнда утулуп калганы уюмдун Twitter сайтындагы расмий баракчасында маалымдалды.
Can't open up a show much better!! @Eyecandyayala 👁🍭 #Bellator163 pic.twitter.com/RH6trEpQyd
— Bellator MMA (@BellatorMMA) 5 ноября 2016 г.
Беттеш 5-ноябрга караган түнү Анкасвилл шаарында өткөн. Харитонов америкалык мушкер Жейви Айялга каршы чыккан, бирок ал болгону 16 секундга гана созулган.
36 жаштагы Харитонов бир жарым жылдык тыныгуудан кийин Bellator MMA мелдештерине чыккан болчу. Спортчу ушуну менен карьерасында алтынчы жолу жеңилүү ызасын тартып жатат.