БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президенттик аппаратта дагы "крысалар" болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынан депутаты Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев буга чейин Конституцияны өзгөртпөө боюнча сөз берип, бирок кайра убадасын бузуп жатат.
"Конституцияны өзгөртүү менен коррупцияга каршы күрөшөбүз деп жатасыңар. Мына Алмазбек Атамбаев милиция кызматкерлеринин ичинде "крысалар" бар деп айтты. Президенттик аппаратта дагы "крысалар" болушу мүмкүн. Аларды да текшериш керек. Мурунку аппарат жетекчиси коррупцияга шектелип соттолуп жатат", — деди Абдылдаев.
Эске сала кетсек, учурда эл өкүлдөрү референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап жатышат.