БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү Баш мыйзамдын "КРдеги референдум жөнүндөгү" мыйзамына кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Документ референдумду өткөрүү, финансылоо булагы, андан сырткары анын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти карайт.
Мыйзам 26-октябрда парламентте кабыл алынган. Аны "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев жана Алмамбет Шыкмаматов, андан сырткары "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев жана Тынчтык Шайназаров демилгелеген.
Документ расмий жарыялангандан тарта күчүнө кирет.