Алмазбек Атамбаев: милицияда азыр да "айбандар" көп
Милициянын катарында азыр да "айбандар" менен "крысалар" көп. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо орган кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жаңы батирдин ачкычын тапшыруу аземинде айтты.
Өлкө башчы милиция кызматкерлерин куттуктап, оор күндөрдө жасаган ишине ыраазычылык билдирди.
"Чоңдоруңар сатып жатса да ак кызмат кылган орто жана кичи курамга ыракмат. Жанын берип атты. Албетте, азыр деле "крысалар", "айбандар" көп. Тазалаш керек", — деди Атамбаев.
Милиционерлер үчүн көп кабаттуу үч үйдүн курулушу 2016-жылдын январь айында башталып, ага 437,9 миллион сом жумшалды. Бардыгы болуп 207 милиция кызматкери турак жай менен камсыздалды.