БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XI форуму бүгүн Бишкекте болорун КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
"Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин 25-жылдыгы. Гуманитардык кызматташуунун келечеги" аттуу форумда КМШ мамлекеттеринин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун колдоосу астында өткөрүлүүдө.
КМШ Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун башкармалыгына Кыргызстандан ыйгарым укуктуу өкүл катары КР маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков катышат.