БИШКЕК, 26-окт — Sputnik. Американын Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити аймагында балдар чатакташып кетип окуучу бала классташын атып салган. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазган.
Жергиликтүү аймактын полиция кызматкери маалымдагандай, окуя саат 15:00 чамасында мектептин жанында болгон. Эки баланын ортосунда чыр чыгып, андан соң мылтыктын үнү угулган. Мектептин айланасына кирүү убактылуу жабылган.
Окуяда жабыркаган жеткинчек эки жолу октон жарадар болуп, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы тууралуу маалыматтар жок. Ал эми ок аткан баланы полиция кызматкерлери кармап, сурамжылоо иштерин жүргүзүп жатат.
Айрым жергиликтүү басылмалар экөөнүн тең курагы 12 жашта деп жазса, кээси 16га чыккан балдар дешүүдө.