БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевдин катышуусунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча координациялык кеңештин жыйыны болду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Чогулуштун жыйынтыгында 2015-2017-жылдары коррупциянын алдын алуу боюнча иш планды тийиштүү аткарбаганы үчүн беш райондун акими менен Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэрлери эскертүү алышты.
Андан сырткары, Түп, Ысык-Көл райондорунун акимдерине аппарат жетекчилеринин коррупциянын алын алуу боюнча иштерди керектүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жоопкерчилигин кароо тапшырылды.