БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы "Тонировка", "Грузовой транспорт" жана "Переоборудование" аттуу рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу Кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-октябрда башталган рейд 24-октябрга чейин уланат.
"Рейддин максаты жол эрежесин бузган жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын жана терезесин караңгылатып алгандарды аныктоо болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.
Аталган иш-чара учурунда жол эрежесин бузган айдоочуларга административдик айып салынууда.