Өлкөнүн тоолуу аймактарына кар түшөт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Эртең, 22-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлүп, тоолуу райондорго кат түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондоруна кар жаайт. Тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Күндүз Бишкек, Ош шаарларында күн 4 градустан 6 градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0