БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата Баш мыйзамды өзгөртүүгө болбойт деген чечим чыгарган эмес. Бул тууралуу аталган палатанын маалымат кызматы билдирди.
Айрым ЖМКларда Конституциялык палата 2014-жылы Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деген чечим чыгаргандыгы тууралуу маалымат тараган.
"Конституциялык палатанын 2014-жылы кабыл алынган чечиминде Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбой тургандыгы тууралуу сөз болгон эмес. ЖМКларда тараган маалымат чындыкка коошпойт", — деп жазылат.
Конституциялык палатанын 2014-жылы кабыл алынган чечими тууралуу расмий сайтынан constpalata.kg кенен таанышууга болот.