Чүйдө аскадан кулаган чабандын денеси урчукка илинип калган

© Sputnik / Табылды КадырбековАмериканцы ночью заблудились в ущелье Кегеты
Американцы ночью заблудились в ущелье Кегеты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 16-октябрь күнү болгон.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Чүйдө чабан аскадан кулап каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 16-октябрь күнү саат 14:00дө Байтик айыл аймагындагы Кашка-Суу айылынын Бөлтөк жайлоосунда болгон. 

"43 жаштагы чабандын жансыз денеси аска бооруна илинип калган. ӨКМдин куткаруучулары аны алып түшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын кескин өзгөрүүсүнөн улам сак болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0