БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарында кичирээк жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап, төрт адамды басып калганын Fox 5 телеканалына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.
Шаардык куткаруу кызматынын башчысы Брайан Феннесси (Brian Fennessy) пикап Chicano паркындагы фестивалга келген адамдарга капталы менен кулап түшкөн. Бийликтин айтымында, оор жаракат алган айдоочу унааны мас абалында айдаганы үчүн камакка алынды.
Пикапта жүргүнчү болгон эмес.
Көпүрөнүн эң бийик жери 75 метр, ал эми узундугу 3400 метрди түзөт. Ал 1969-жылы ачылып, пайдаланууга берилген.