БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Балыкчы шаарынын борбордук Абдрахманов көчөсүнө асфальт төшөө иштери беш күндөн соң аяктай турганын жолду салып жаткан "Чу продакшн" компаниясынын аймактык жетекчиси Алмабек Абдыбалиев билдирди.
© SputnikБалыкчы шаарынын борбордук Абдрахманов көчөсүнө асфальт төшөө иштери беш күндөн соң аяктайт
Балыкчы шаарынын борбордук Абдрахманов көчөсүнө асфальт төшөө иштери беш күндөн соң аяктайт
Өкмөттүн токтомуна ылайык, Балыкчы шаарындагы Абдрахманов көчөсүнүн 6 чакырым 900 метр жерин салуу боюнча тендер өткөн. Шаардын ички жолдорун куруу үчүн 140 миллион сом каралса, шаардык мэрия кошумча 3 миллион сом бөлүп берген.
Учурда аталган жолдун 5020 метр жерине асфальттын экинчи катмары төшөлгөн.
Абдыбалиевдин айтымында, жолдун 80 пайызы бүткөрүлдү. Эми 1630 метр жердин экинчи катмарына беш күн ичинде асфальт төшөлөт.