Таалайбек Масабиров: унааны техникалык кароодон өткөрүүнү мамлекетке берүү керек
Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров парламенттин жалпы жыйынында автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүү керектигин айтты.
"Ош — Бишкек жолунда эле эмес, башка жактарда болуп жаткан жол кырсыктары автоунаанын техникалык кароодон өтпөгөнү деп эсептейм. Ушуну кайра мамлекетке берсек. Бир мисал, эртең менен келе жатканда автоунаадан чыккан уулуу газ, Бишкектин экологиясын карасак. Андан улам ар кандай онкологиялык оорулар болот", — деди ал.
Депутат профилдик комитет бул боюнча өкмөттүн оюн угуп койсо жакшы болмоктугун кошумчалады.