БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева кесиптештерин бири-бирин сыйлоого чакырды. Ал өз сөзүндө айрым депутаттар жаш кесиптештеринин дарегине катуу сөздөрдү айтып жатканына нааразы болду.
"Бир катар депутаттарыбыз жаш кесиптештеринин дарегине катуу сын айтып жатат. Бул туура эмес. Өткөндө Чолпон Жакупова парламентте эркектер жок деп айтты. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов жаш депутаттар чабал болуп жатат деди. Бул, албетте, жаштардын намысына тиет. Жогорку Кеңеш башкаларга үлгү болушу керек. Андыктан мындай пикирлерди айтканда да этият бололу", — деди Сурабалдиева.
Өз кезегинде депутат Шыкмаматов өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына "жаштар активдүү болбой жатат" деп жазганын айтып, бирок ал менен эч кимдин аброюна шек келтирүүнү ойлобогонун айтты.
"Силердин баркыңарды түшүрөйүн деген оюм жок. Эгер ошол жазгандарым катуу тийип калса кечирим сурайын", — дейт Шыкмаматов.
Эл өкүлү ошол жазгандарынын кийин айрым жаш депутаттар парламенттин жыйындарына активдүү катышып калганын билдирди.