00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Юрист: MegaCom боюнча сотто айыпталуучунун адвокаттары киргизилген жок

© Sputnik / Табылды КадырбековСот процессиндеги конвоир, архивдик сүрөт
Сот процессиндеги конвоир, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокурор Алмаз Абековду — 25 жыл, Азамат Мурзалиевди — 15 жана Кенжебек Аман уулун — 7 жылга эркинен ажыратууну сураганы маалымдалууда.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. MegaСom компаниясынын иши боюнча соттолуп жаткан Алмаз Абековдун жактоочусу Икрамидин Айткулов сот жараянына анын киргизилбегендигин билдирди.

ЖК депутаты Мээрбек Мискенбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мискенбаев: атамекенчилердин MegaCom ишканасына тиешеси бар-жогун иликтейли
"Сот жараяны мыйзам бузуу менен өтүп жатат. Бизди — Алмаз Абековдун жактоочуларын сотко киргизген жок. Башында тыныгуу жарыялашып, мен жактап жаткан кишини алып кетишти. Кийин ишти башка залда биз жок эле карап жатканын билдик. Эшикке күзөтчүлөрдү коюшуптур. Бизди мыйзам буздуңар деп айтты. Абековго дежур адвокатты бекитишиптир. Эки күндө 25 күбөнү суракка алышты. Жарыш сөздөрүнө да катышкан жокпуз", — деди Айткулов.

Жазага тартылып жаткан Абековдун кызы Мээрим Абекованын айтымында, атасы адвокаттарын алмаштырган эмес.

"Ал эч кимди алмаштырган эмес. Икрамидин Айткулов менен Абаз Мамбетакунов аны башынан баштап эле коргоп келишет. Алардан башкалары иштин чоо-жайын жакшы билишпейт. Атам аларга өзүнө ишенгендей ишенет. Алардан баш тартпайт", — деди Абекова.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун судьясы менен байланышууга аракет кылды. Бирок кабылдамасынан ал бош эмес экенин билдиришти.

Айткулов менен Мамбетакуновдун ордуна дайындалган Назира Абышкаева эмнеге мындай болуп калганы боюнча эч нерсе түшүндүрүп бере алган жок.

"Өткөн жума күнү мени Абековдун адвокаты кылып дайындашты. Ага түшүндүрмө бере албайм. Иш боюнча да эч нерсе айта албайм. Жактоочум менен аны сүйлөшүп алышым керек", — деди Абышкаева.

Ал ортодо адвокат Айткулов прокурор Алмаз Абековду — 25 жылга, Азамат Мурзалиевди ("Альфа Телеком" компаниясынын мурдагы башкы директору) — 15 жана Кенжебек Аман уулун ("Новострой Сервис" ЖЧКсынын жетекчиси) — 7 жылга эркинен ажыратууну сурап жатканын маалымдады.

MegaCom компаниясынын сим картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Megacom аукциондон сатылбаса Маммүлк фондусунун жетекчиси кызматтан кетүүгө даяр
2012-жылы январда УКМК "Альфа Телеком" ЖАКтын ишинен коррупциялык схемалар аныкталып, компаниянын эсебинен 142 миллион сом мыйзамсыз чыгарылганы айтылган. Кийин УКМК уюлдук компаниядан оффшордук аймакка кошумча 6 миллион доллар чыгарылып кеткенин билдирген.

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен компаниянын башкы директору Мурзалиев, анын кеңешчиси Абеков жана "Новострой Сервис" ЖЧКсынын башчысы Кенжебек Аман уулу камакка алынган. Алардын бардыгы УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынып, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталышкан.

Абеков абакта 3,5 жыл отурду. Кийин аны үй камагына чыгарган, бирок 2015-жылы сентябарда аны кайтадан камакка алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0