БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримова-Тилляева энеси жана жолдошу менен биргеликте атасынын бейитине барып кайткандыгын, атасын сагынып жатканын Instagram баракчасына жазды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жарыялады.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 78 жаш курагында инсульт алып каза тапкан.
"Ошол убакта болгон ичтеги сезимдерди сүрөттөп бере албайм… Мен кармап турган гүлгө конгон ак көпөлөк атамдын асмандагы абалы жакшы экенинен кабар берсе керек. Эми мен билем, бул жерден канчалык алыс болсом дагы ал менин жүрөгүмдө жашай берет", — деп жазды Лола Каримова-Тилляева.
Каримовдун сөөгү денеси кичи мекени Самарканддагы Шахи-Зинда көрүстөнүнө коюлган.