БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Афганистандын түндүгүндө Баглан провинциясында аскерий тик учак кулады. Бул турасында РИА Новости Синьхуа маалымат агенттигине шилтеме кылып кабарлады.
Баглан провинциясынын жетекчисинин айтымында, аскердик техниканын ичиндегилер каза болушу мүмкүн.
Кырсыктын чоо-жайы туурасында маалыматтар толук бериле электигин кошумчалады.