БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте жол эрежесин бузган милиционер айыпка жыгылганын Кайгуул милициясы билдирди.
Мекеме аталган кызматкер MVD 237 мамлекеттик номерлүү кызматтык унаа менен бара жатып, экинчи катардан солду көздөй турулуп кеткенин белгилейт.
Административдик жоопкерчилик боюнча кодекске ылайык, Кайгуул милициясынын кызматкери 1000 сом айып пул төлөдү.