Зейнеп Исраилова: үч айда эки ирет үч эм жарык дүйнөгө келди
Маалыматка ылайык, үч уулду жарык дүйнөгө алып келген Анара Кудайбердиева 28 жашта. Бул — анын үчүнчү төрөтү. Буга чейин бир уул, бир кыз төрөгөн.
"Анара Кудайбердиева Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнөн келди. Анын буту шишип кан басымы бар болчу. Операция жолу менен төрөтүп алдык. Учурда эненин абалы күн сайын жакшырып баратат. Балдар 2 килограмм 300 грамм, 2 килограмм 200 грамм жана 1 килограмм 900 грамм салмакта төрөлдү", — деди Исраилова.
Ал сентябрь айында ушул эле төрөт үйүндө уч эм төрөлүп баары тең кыз болгонун кошумчалады.