Атамбаев Путинди куттуктап, Москвадагы колдоосу үчүн ыраазычылык айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев телефон аркылуу сүйлөшкөндө. Архивдик сүрөт
Президент Алмазбек Атамбаев телефон аркылуу сүйлөшкөндө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурдан пайдаланып Алмазбек Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканадан медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө көрсөткөн колдоосу жана көмөгү үчүн Владимир Путинге ыраазылык билдирди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны туулган күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

7-октябрда Россиянын президенти 64 жашка чыкты.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президенттер кыргыз-орус көп кырдуу кызматташуунун маанилүү маселелерин жана ар кыл багыт боюнча өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Учурдан пайдаланып Алмазбек Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканадан медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө көрсөткөн колдоосу жана көмөгү үчүн Владимир Путинге ыраазылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0