БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Эртең өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
"Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 20…23 градус жылуу болот", — деп айтылат маалыматта.
Нарын облусунда жана Чуй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тоолуу райондорунун айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт.