Жеңиш Ашырбаев: милиция жабыр тарткан кишиге жардам берген жок деген калп
Бирок бул маалымат туура эмес экенин Ош облусттук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Кайгуул милиция 6 мүнөттө чакырылган жерге келген. Алар келгенге чейин эле алар мушташып бүткөн. Аларды алып келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Экөө бири-бирине карата денеге залал келтирди деп арыз жазышкан", — дейт Ашырбаев.
Ашырбаев бул боюнча сот медициналык экспертиза дайындалганын, анын жыйынтыгы менен мушташтын катышуучуларына карата кандай кылмыш иши козголо турганы белгиленерин кошумчалады.
Азыр алгачкы документтер топтолуп териштирүү жүрүп жатат.