БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Мурманск курама командасы менен Астанын "Сапарта" командасы КВНдин жогорку лигасына өттү. Блу тууралуу КВНдин расмий сайты кабарлайт.
Биринчи жарым финалдык оюндар 30-сентябрь күнү өтүп, анда жогорудагы эки командадан сырткары "Проигрыватель" жана "Чистые пруды" командалары да таймашып, өтпөй калды.
Жарым финалдык оюнда Михаил Галустян, Константин Эрнст, Юлий Гусман, Валдис Пельш жана Константин Лавроненколор калыстык кылышты.
Эске сала кетсек, 7-октябрь күнү кийинки жарым финалдык оюндар өтүп, анда "Азия MIX" өз бактысын сынап көрөт.