БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Чоң-Алайдын Чак айылына кеткен жолдо кечээ күүгүм талаш Honda Fit автоунаасы Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Айдоочу автоунааны башкара албай калып, Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен. Анын ичиндеги беш адам аман-эсен",— деп билдирди маалымат кызматы.
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар жүргүнчүлөрдү жергиликтүү эл менен биргеликте суудан чыгарышкан. Тез жардам кызматы биринчи медициналык жардам көрсөтүп, ал эми унааны суудан сүйрөтүп чыгарышкан.