БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кытай лидери Си Цзиньпинди кошуна өлкөнүн көз карандысыздыгынын 67 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Куттуктоодо Кытайдын эл аралык деңгээлдеги көйгөйлөрдү чечүүдө чоң эмгектерди жасап жатканы айтылат.
"Сиздин жардамыңыз менен акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери жакшырып, бир нече долбоорлор ишке ашып келет. Улуу жибек жолу экономикалык долбоорунун алкагында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жана Кыргызстан — Кытай газ түтүктөрүн орнотуу боюнча иштер башталат деп үмүт кылам", — деп айтылат маалыматта.
Алмазбек Атамбаев куттуктоо соңунда Си Цзиньпинге чын ден соолук, узун өмүр, ал эми Кытай элине тынчтык жана бейкутчулук каалайт.