БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Эртең, бейшемби күнү өлкөдө жаан-чачын жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз күн ачык болуп, 26…28 градуска чейин жылыйт. Ал эми Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 31 градуска чейин көтөрүлөт.
29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт.