БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетип жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирүү таратты.
Эске сала кетсек, ЖМКларда Жунушалиевдин кызматтан кетип жатканы боюнча арыз жазганы тууралуу маалымат тараган.
"Такталбаган маалыматтар, ушак-айыңга такалган жагдайлар кимге болбосун тескери таасирин тийгизет. Министрдин отставкасы тууралуу жарыя болуп жаткан маалыматтардын жалган жана ушак айың экенин расмий билдиребиз", — деп айтылат маалыматта.
ИИМдин маалымат кызматы Жунушалиевди өздүк курам колдой турганын, реформалар өз нугунда жүрүп жатканын кошумчалайт.