Алмамбет Шыкмаматов: ЖК куудулдардын театры эмес, шоуну башка жактан көрсөтүңүз
Эске сала кетсек, талкуу учурунда Абдылдаев "Ата Мекендин" башчысы Өмүрбек Текебаевди талкууга катышпай жатат деп айыптап, Конституциянын өз атасы эмес эле, өгөй атасы окшойт деген пикирин айткан.
"Урматтуу президенттин өкүлү, бул жер куудулдардын театры эмес. Куудулдангандын да чеги болот. Сиз башка жакка барып, шоу кылуу менен элди кол чаптырыңыз. Расмий даражадагы адам катары маданияттуу сүйлөшүңүз керек. Сиз ушундай болсоңуз калгандар кандай болот?" — деди Шыкмаматов.
Өз кезегинде КСДПчы Рыскелди Момбеков Шыкмаматовду партиялашы Текебаевди коргоп жатасың деп айыптады.
Талкуу жыйынтыгында күн тартибине коюлган референдумду 4-декабрь күнү өткөрүү демилгесин көпчүлүк депутаттар колдоого алды.