БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкектеги Шопоков көчөсүнө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу айрым бөлүктөрү жабыла турганын мэриядан кабарлашты.
Билдирмеге караганда 27-сентябрдан тартып Шопоковдун Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеси жабылат.
"Аталган жол тилкесине ремонт иштери жүргүзүлүп, тротуар иретке келтирилет. Ошондой эле көчө жарыгы толугу менен калыптандырылат", — деп айтылат маалыматта.
Калаа мэриясы айдоочуларга алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууну сунуштайт.