Ош: ажыларды тоскон эл менен милиция жөөлөшүп кетти. ИИМ аны төгүндөдү

© Фото / Зульфия ТургуноваПрибытие паломников в город Ош из Мекки
Прибытие паломников в город Ош из Мекки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция жолду ачып коюуну талап кылганда, эки тараптын ортосунда пикир келишпестик жаралган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бүгүн Ош облусунан ажылык сапарга кеткен 250 ажыны жакындары Ош эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Тосуп алуу алуу үчүн келгендердин көптүгүнөн улам "Ош" аба майданынын аянтчасына эл батпай, милиция менен алардын ортосунда чыр чыкты. 

Учуп келген зыяратчылар өтүүчү жолду жакындары тороп алган. Тартип сакчылары жолду ачып коюну талап кылып, тосуп алууга ашыккандар ээ бербей, эки тарап түртүшүп-жөөлөшүп кеткен. 

Учурда 250 ажы жакындарынын коштоосунда тарап кетишти.

© Фото / Зульфия ТургуноваБүгүн Ош облусунан ажылык сапарга кеткен 250 ажыны жакындары Ош эл аралык аэропортунан тосуп алышты
Бүгүн Ош облусунан ажылык сапарга кеткен 250 ажыны жакындары Ош эл аралык аэропортунан тосуп алышты - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бүгүн Ош облусунан ажылык сапарга кеткен 250 ажыны жакындары Ош эл аралык аэропортунан тосуп алышты
© Фото / Зульфия ТургуноваТосуп алуу алуу үчүн келгендердин көптүгүнөн улам "Ош" аба майданынын аянтчасына эл батпай, милиция менен алардын ортосунда чыр чыкты
Тосуп алуу алуу үчүн келгендердин көптүгүнөн улам Ош аба майданынын аянтчасына эл батпай, милиция менен алардын ортосунда чыр чыкты - Sputnik Кыргызстан
2/5
Тосуп алуу алуу үчүн келгендердин көптүгүнөн улам "Ош" аба майданынын аянтчасына эл батпай, милиция менен алардын ортосунда чыр чыкты
© Фото / Зульфия ТургуноваУчуп келген зыяратчылар өтүүчү жолду жакындары тороп алган
Учуп келген зыяратчылар өтүүчү жолду жакындары тороп алган - Sputnik Кыргызстан
3/5
Учуп келген зыяратчылар өтүүчү жолду жакындары тороп алган
© Фото / Зульфия ТургуноваТартип сакчылары жолду ачып коюну талап кылып, тосуп алууга ашыккандар ээ бербей, эки тарап түртүшүп-жөөлөшүп кеткен.
Тартип сакчылары жолду ачып коюну талап кылып, тосуп алууга ашыккандар ээ бербей, эки тарап түртүшүп-жөөлөшүп кеткен. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Тартип сакчылары жолду ачып коюну талап кылып, тосуп алууга ашыккандар ээ бербей, эки тарап түртүшүп-жөөлөшүп кеткен.
© Фото / Зульфия ТургуноваУчурда 250 ажы жакындарынын коштоосунда тарап кетишти.
Учурда 250 ажы жакындарынын коштоосунда тарап кетишти. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Учурда 250 ажы жакындарынын коштоосунда тарап кетишти.
1/5
Бүгүн Ош облусунан ажылык сапарга кеткен 250 ажыны жакындары Ош эл аралык аэропортунан тосуп алышты
2/5
Тосуп алуу алуу үчүн келгендердин көптүгүнөн улам "Ош" аба майданынын аянтчасына эл батпай, милиция менен алардын ортосунда чыр чыкты
3/5
Учуп келген зыяратчылар өтүүчү жолду жакындары тороп алган
4/5
Тартип сакчылары жолду ачып коюну талап кылып, тосуп алууга ашыккандар ээ бербей, эки тарап түртүшүп-жөөлөшүп кеткен.
5/5
Учурда 250 ажы жакындарынын коштоосунда тарап кетишти.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бул маалыматты төгүндөдү.

"Ош шаардык милициядан "Ош" эл аралык аэропортунда ажылык сапардан келгендерди тосуп алууда милиция менен тосуп алгандардын жөөлөшүүсү болгон эместигин билдирди", — деп кабарлады ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Осмонбаев. 

Ал киши көп болгондуктан аба майданына киргизилбей, бир катарлары кирип кетүүгө аракет кылып, бирок алар тосулгандыгын айтты. 

"Ал жердегилердин пикир келишпестиги жана урушкан факты болгон эместигин кабарлашты", — деп билдирди Осмонбаев.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан быйыл ажылык сапарга 3685 зыяратчы аттанып, анын баасы 2600 долларды түзгөн. Ажылар 18-сентябрдан тарта мекенине кайта башташты. Мекке шаарынан алгачкы каттам Бишкек шаарында конуп, анда зыярат кылып келгендердин 300ү келген. Жалпысынан 11 каттам менен келе турган  ажылар 30-сентябрга чейин келип бүтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0